Кызыктуу фактылар

1. Тогуз Коргоол оюну дүйнөгө белгилүү болгон манкала оюндарынын бириМанкала сөзү "жылуу, жүрүү, кыймыл" дегенди билдирет. Бүткүл дүйнөдө манкала оюндарынын 400 жакын түрлөру бар экендиги белгилүү. Алардын 90 ашык түрү Африка мамлекеттеринде ойнолот. Марокодо оюн "сиг" деп аталат. Тогуз коргоолдон айрымачылыгы анын тактасында 48 казан болот жана алар төрт катарда жайгашкан. Туагерлердин доскасында 36 казан жана ар биринде 13төн коргоол болот. Африканын батыш бөлүгүндө манкала оюну "кали" деп аталат. Ганга мамлекетинде оюн "вари", Либерияда "поо", Сенегалда "капо-кунго" аттар менен белгилуу. Африка континентинде андан башка дагы "хусбао" оюну бар. Манкала оюндарынын баарында, бир өзгөчөлүк бар - бул таш же болбосо коргоолдорго ээ болуу жана утуп алуу.

Манкала оюну жөнүндө алгачкы жазуулар Египет пирамидаларында табылган, алардын жашы 7 мин жыл. Египеттеги ташка чегилген сүрөттөрдө манкала оюндарын негизинен  соодагерлер ойногону көрсөтүлгөнАлар алыс жол жүрүп жатканда же болбосо жүктөрүн күтүп жатып, бош убактыларында манкала оюндарын ойноп өткөрүшкөндүгү белгилүү.

Соодагер баалуу заттар менен менен бирге манкала оюндарын Азия, Америка, Европа континенттерине тараткан деген имиш бар. Кытайда менен Японияда аскерлерин стратегиялык ойлонуусун өнуктурүү үчүн "стратегиялык оюндар" деген сабак киргизип, "Го" оюнунун ойнотуп машыктырышкан.

2. Тогуз Коргоол оюну бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон манкала оюндарынын бири. Кыргызстандан тышары Казакстанда "Тогуз Кумалак" жана Тукияда "Dokuz kumalak" ат менен белгилүү. Бул оюн Орто Азия өлкөлөрүнөн башка түндүк-чыгыш Афганистанда, Оруссияда (Алтай, Хакассия, Якутия, Татарстан жана Тува), батыш Монголияда жана түндүк-батыш Кытайда ойнолот (Урумчу, Жунгария).

3. Тогуз Коргголдун Орто Азияга ислам тараган убакытта Улуу Жибек Жолун аркылуу келген деген имиштер бар (VII-VIII кылымдарда). "Манас" эпосунун бир вариантындагы мындай саптар бар экенин ким билиптир:

Жалпак жыгач чаптырып,Чараларын оюшуп

Бир жагына бир тогуз,Бир жагына бир тогуз,

Үй чыгарып коюшуп…

Манас эпосу 2-чи китеп Сагымбай Орозбак уулу, Кыргызстан, 1978

Кыркың кызык ойнотуп,Чатыраш ойнун салыңар,

Тогуз, онуң биригип, Тогуз коргоол алыңар.

Жыйылып алып жыйырмаң,Топ таш-чакмак алыңар...

4. Тогуз Коргоолдун ташка чегилген тактасы Токмок шаарындагы Бурана музейинде сакталууда. Анын салмагы 120-150 кг жакын. Tашка чегилген башка такталар Чүй өрөөнүнүн Ой-Табылга, Кара-Көл шаарына жакын Сандык-Конуш белинде да бар деген маалымат берилген.

5. Орус окумуштуусу Н. Пантузов 1906 жылы бул оюн тууралуу өзүнүн " Кыргыз Оюну - Тогуз Кумалак" деген китебинде жаган. Андан башка немис антопологу Ричард Карутц оюн жөнөндө 1911 жылы жазгандыгы белгилүү.

6. Тогуз Коргоол оюнунун электрондук версиясын Кыргыз информатиги К. Картанбаев 1999 жылы түзгөндүгү белгилүү.

7. Кыргыз Республикасынын Тогуз Kоргоол федерациясы 1993 жылы түзүлгөн. Ал эми Казак Тогуз Кумалак федерациясы 2004 жылы тузулган. Кыргыз Республикасынын Тогуз Kоргоол федерациясы 1993 жылы түзүлгөн.

8.  Логиканы өнүктүрүүгө жана так эсептcөгө жакшы жардам берет, анткени оюнду ойноп жатып математикалык кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүүго мажбур болот. Ошондуктан бул оюн башталгыч класстардын балдарына да абдан пайдалуу. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругу менен “Мектептин бардык класстагы окуучуларына тогуз коргоол оюнун ойнотулсун” деген буйругу киргизилен.

9. Бүткүл Дүйнө боюнча интеллектуалдык оюндардын эл аралык олимпиадасынын манкала секциясында ойнолуп келе жаткан Тогуз кумалакка Тогуз коргоолду кошууну 2010 жылы Европадагы Тогуз Коргоол клубу сунуштап киргизген.





1. Тогуз Коргоол оюну дүйнөгө белгилүү болгон манкала оюндарынын бири.  Манкала сөзү "жылуу, жүрүү, кыймыл" дегенди билдирет. Бүткүл дүйнөдө манкала оюндарынын 400 жакын түрлөру бар экендиги белгилүү. Алардын 90 ашык түрү Африка мамлекеттеринде ойнолот. Марокодо оюн "сиг" деп аталат. Тогуз коргоолдон айрымачылыгы анын тактасында 48 казан болот жана алар төрт катарда жайгашкан. Туагерлердин доскасында 36 казан жана ар биринде 13төн коргоол болот. Африканын батыш бөлүгүндө манкала оюну "кали" деп аталат. Ганга мамлекетинде оюн "вари", Либерияда "поо", Сенегалда "капо-кунго" аттар менен белгилуу. Африка континентинде андан башка дагы "хусбао" оюну бар.

Манкала оюну жөнүндө алгачкы жазуулар Египет пирамидаларында табылган, алардын жашы 7 мин жыл. Египеттеги ташка чегилген сүрөттөрдө манкала оюндарын негизинен  соодагерлер ойногону көрсөтүлгөн. Алар алыс жол жүрүп жатканда же болбосо жүктөрүн күтүп жатып, бош убактыларында манкала оюндарын ойноп өткөрүшкөндүгү белгилүү. Соодагер баалуу заттар менен менен бирге манкала оюндарын Азия, Америка, Европа континенттерине тараткан деген имиш бар. Кытайда менен Японияда аскерлерин стратегиялык ойлонуусун өнуктурүү үчүн "стратегиялык оюндар" деген сабак киргизип, "Го" оюнунун ойнотуп машыктырышкан.